# 352-берене. Өкүмдүн киришүү бөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 352-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-352

---

Өкүмдүн киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын атынан өкүм чыгарылгандыгы жөнүндө;

2) өкүм чыгарылган убакыт жана жери;

3) өкүмдү чыгарган соттун аталышы, соттук отурумда төрагалык кылуучу судьянын, катчысынын, айыптоочунун, адвокаттын, жабырлануучунун, мыйзамдуу өкүлүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты;

4) айыпталуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, анын туулган жылы, айы, күнү жана жери, жашаган жери, иштеген жери, жумушу, билими, үй-бүлөлүк абалы жана иш үчүн мааниси бар айыпталуучунун инсандыгы тууралуу башка маалыматтар;

5) Кылмыш-жаза кодексинин айыпталуучу айыпталып жаткан кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган беренеси, бөлүгү, пункту.

---

Мурунку берене: [351-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-351)  
Кийинки берене: [353-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-353)
