# 351-берене. Өкүмдү түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 351-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-351

---

1. Ушул Кодекстин 346-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер чечилгенден кийин, судья өкүмдү түзүүгө киришет. Өкүм соттук териштирүү жүргүзүлгөн тилде жазылат жана киришүү, сыпаттама-жүйөлөмө жана корутунду бөлүктөрүнөн турат.

2. Өкүмдү судья кол менен жазууга же техникалык каражаттардын жардамы менен даярдоого жана кол коюуга тийиш. Өкүмгө төрагалык кылуучу судья, соттун бардык курамы, анын ичинде өзгөчө пикирде калган судья да кол коёт.

3. Өкүмгө оңдоолорду киргизүүдө алар өкүм жарыя кылынганга чейин эскертилүүгө жана судьянын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [350-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-350)  
Кийинки берене: [352-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-352)
