# 350-берене. Актоо өкүмүн чыгаруунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 350-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-350

---

1. Актоо өкүмү төмөнкү учурларда чыгарылат, эгерде:

1) кылмыш окуясы жок болсо;

2) айыпталуучунун аракетинде кылмыштын курамы жок болсо;

3) кылмыш-жаза мыйзамына ылайык зыян келтирген аракет укук ченемдүү болсо (зарыл коргонуу, жалган коргонуу, аргасыз зарылдык, күч колдонуп же психикалык мажбурлоо, кылмыш жасаган адамды кармоодо залал келтирүү, буйрукту же башка тескемени, ошондой эле кызмат ордуна жараша милдеттерди аткаруу, негиздүү тобокелдик, уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу уюмдун курамында атайын тапшырманы аткаруу);

4) айыпталуучуга карата сот арачыларынын коллегиясы тарабынан актоо вердикти чыгарылса.

2. Саналган негиздердин кайсынысы боюнча болбосун актоо айыпталуучунун күнөөсү жоктугун таанууну билдирет жана аны толук реабилитациялоого алып келет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча актоо өкүмү чыгарылганда, эгерде кылмыш жасаган адам аныктала элек болсо, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин сот кылмыш жасаган адамды аныктоо боюнча чараларды көрүү үчүн ишти прокурорго жөнөтөт.

---

Мурунку берене: [349-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-349)  
Кийинки берене: [351-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-351)
