# 349-берене. Айыптоо өкүмүн чыгаруунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 мая 2024 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230006263)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=8273..21153>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 349-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-349

---

1. Айыптоо өкүмү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучунун кылмышты жасоого күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы менен ырасталган шартта гана чыгарылат жана божомолдорго негизделиши мүмкүн эмес.

2. Соттолгон өтөөгө тийиш болгон жазаны дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгарып жатып, сот анын түрүн, режимин, өлчөмүн жана жаза өтөө мөөнөтүн эсептөөнүн башталышын так аныктоого тийиш.

3. Сот жазаны дайындоо жана аны өтөөдөн бошотуу менен айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде өкүм чыгарылган учурга карата төмөнкүлөр орун алса:

1) соттолгонго ушул өкүмдө дайындалган жазаны колдонуудан бошотуучу мунапыс актысы чыгарылган болсо;

2) Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинде белгиленген камакта кармоо убактысын эсептөө эрежелерин эсепке алуу менен ушул иш боюнча айыпталуучунун камакта болуу убактысы, үй камагында болуу убактысы сот дайындаган жазанын мөөнөтүнөн ашса;

3) пробацияны колдонуу үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинде каралган негиздер аныкталса.

4. Баланын же майыптын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды кошпогондо, сот жазаны дайындабастан айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде айыптоо өкүмү чыгарылган учурга карай төмөнкүлөр орун алса:

1) адам жаза өтөөгө жолтоо боло турган оор дарт менен ооруп калган болсо;

2) адамды ошол кылмышы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе.

(КР 2024-жылдын 16-майындагы № 86, 19 февраля 2025 года № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [348-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-348)  
Кийинки берене: [350-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-350)
