# 344-берене. Өкүм чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 344-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-344

---

1. Сот Кыргыз Республикасынын атынан өкүм чыгарат.

2. Өкүм сот тарабынан өзүнчө жайда чыгарылат. Өкүмдү чыгаруу учурунда төрагалык кылуучу судья, ушул иш боюнча соттун курамы гана катыша алат. Башка адамдардын катышуусуна жол берилбейт.

3. Түнкү убакыт башталганда, ал эми зарылдыкка жараша күн бою да сот өзүнчө жайдан чыгып, эс алуу үчүн тыныгуу жасоого укуктуу. Өкүм чыгаруу дем алыш жана майрам күндөрү да токтотулат.

4. Өкүм чыгаруунун убактысы сот процессине катышуучуларга жарыя кылынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [343-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-343)  
Кийинки берене: [345-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-345)
