# 342-берене. Соттук иликтөөнү кайра баштоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 342-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-342

---

Эгерде тараптардын жарыш сөздөрүндө чыгып сүйлөгөн адамдар же айыпталуучу акыркы сөзүндө иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайлар жөнүндө билдирсе же мурда иликтенбеген, бирок ишке тиешеси бар далилдерге шилтеме жасаса, сот тараптардын өтүнүчү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча соттук иликтөөнү кайра баштай алат. Кайра башталган соттук иликтөө аяктаганда, сот тараптардын жарыш сөздөрүн кайрадан ачат жана айыпталуучуга акыркы сөздү берет.

---

Мурунку берене: [341-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-341)  
Кийинки берене: [343-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-343)
