# 341-берене. Айыпталуучунун акыркы сөзү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 341-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-341

---

1. Тараптардын жарыш сөздөрү бүткөндөн кийин төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга акыркы сөз берет. Айыпталуучунун акыркы сөзүнүн учурунда ага суроо берүүгө жол берилбейт.

2. Сот айыпталуучунун акыркы сөзүнүн узактыгын белгилүү бир убакыт менен чектей албайт, бирок, эгерде акыркы сөз каралып жаткан кылмыш ишинин жагдайларына тиешеси болбосо, төрагалык кылуучу судья айыпталуучунун сөзүн токтотууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [340-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-340)  
Кийинки берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-342)
