# 340-берене. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн мазмуну жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-340>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-340.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 340-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-340

---

1. Соттук иликтөө аяктагандан кийин сот тараптардын жарыш сөздөрүнө өтөт, ал мамлекеттик айыптоочунун, жабырлануучунун же анын өкүлүнүн, айыпталуучунун жана адвокаттын сөздөрүнөн турат. Соттук жарыш сөздөрдүн катышуучуларынын чыгып сүйлөөлөрүнүн ырааттуулугу алардын сунуштары боюнча сот тарабынан белгиленет, бирок бардык учурларда мамлекеттик айыптоочу биринчи болуп чыгып сүйлөйт, ал соттук териштирүүнүн натыйжаларына таянуу менен айыпталуучунун күнөөлүүлүгү, жасаганынын квалификациясы жөнүндө тыянакты негиздөөгө жана дайындала турган жаза жөнүндө өз пикирин баяндоого тийиш же айыптоодон баш тартууга укуктуу.

2. Тараптардын жарыш сөздөрүндө тараптар соттук отурумда иликтенбеген далилдерге шилтеме жасоого укуксуз. Зарыл болсо сотко жаңы далилдерди көрсөтүп, соттук териштирүүнү кайра баштоо жөнүндө өтүнүч бере алат.

3. Сот тараптардын жарыш сөздөрүнүн узактыгын белгилүү бир убакыт менен чектей албайт, бирок, эгерде каралып жаткан иштин жагдайларына тиешелүү болбосо, төрагалык кылуучу судья жарыш сөздөргө катышуучу адамдарды токтотууга укуктуу.

4. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн бардык катышуучулары сүйлөп бүткөндөн кийин алардын ар бири тараптардын өкүлдөрүнүн сөздөрүндө айтылгандарга карата сын-пикирлери (репликалары) менен дагы бир жолудан чыгып сүйлөй алат. Акыркы реплика берүү укугу айыпталуучуга же анын адвокатына таандык.

5. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн ар бир катышуучусу сотко жазуу жүзүндө ушул Кодекстин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча аларга сунуштаган чечимдин туюнтмасын бере алат. Сунушталган туюнтма сот үчүн милдеттүү күчкө ээ эмес.

---

Мурунку берене: [339-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-339)  
Кийинки берене: [341-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-341)
