# 34-берене. Прокурор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 декабря 2023 года № 209 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000212)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.12.2023 [Закон КР от 22 декабря 2023 года № 209 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000212); 26.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года N 149 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112630)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=1283050..1046>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 34-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-34

---

1. Башкы прокурор өз компетенциясынын чектеринде ушул Кодекстин ченемдерин колдонуу маселелери боюнча укуктук актыларды кабыл алат, алар кылмыш-жаза куугунтуктоо органдары үчүн милдеттүү аткарууга тийиш.

2. Прокурор – ушул Кодексте каралган компетенциянын чектеринде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы:

1) мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү;

2) ыкчам издөө ишин, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды сактоосун көзөмөлдөөнү;

21) кылмыш ишин тергөөнү кошпогондо, сотко чейинки өндүрүштү;

3) (КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) сотто мамлекеттик айыптоону колдоону;

5) сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууну;

6) соттун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү.

3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө прокурор көз карандысыз жана мыйзамга гана баш ийет.

(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-35)
