# 339-берене. Далилдерди соттук иликтөөнүн аякташы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 339-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-339

---

1. Бардык далилдерди иликтөө аяктаганда, төрагалык кылуучу судья тараптардан соттук териштирүүнү толуктоону каалагандыгын жана эмне менен толуктай тургандыгын сурайт. Соттук териштирүүнү толуктоо жөнүндө өтүнүчтөр билдирилген учурда, сот бул өтүнүчтөрдү талкуулайт жана чечет.

2. Төрагалык кылуучу судья соттук отурумда пробациялык баяндаманы жарыя кылат.

3. Өтүнүчтөр чечилгенден жана зарыл соттук аракеттер аткарылгандан кийин төрагалык кылуучу судья соттук иликтөөнү аяктады деп жарыялайт.

---

Мурунку берене: [338-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-338)  
Кийинки берене: [340-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-340)
