# 338-берене. Күбөлөндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-338>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-338.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 338-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-338

---

1. Соттук отурумда күбөлөндүрүү ушул Кодекстин 175-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, судьянын токтому же соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.

2. Денени жылаңачтоо менен коштолуучу күбөлөндүрүү өзүнчө жайда врач же башка адис тарабынан жүргүзүлөт, күбөлөндүрүү бүткөндөн кийин ал күбөлөндүрүү актысын түзөт жана ага кол коёт. Андан кийин көрсөтүлгөн адамдар соттук отурумдун залына кайтып келип, бул жерде алар тараптардын жана күбөлөндүрүлгөн адамдын катышуусунда сотко, күбөлөндүрүлгөндүн денесиндеги тактар же белгилер жөнүндө, эгерде бар болсо, кабарлайт, тараптардын жана төрагалык кылуучу судьянын суроолоруна жооп берет. Күбөлөндүрүү актысы соттук отурумдун протоколуна тиркелет.

---

Мурунку берене: [337-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-337)  
Кийинки берене: [339-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-339)
