# 335-берене. Жерди жана жайды карап чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 335-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-335

---

1. Сот кандайдыр бир жайды же жерди карап чыгуу зарылдыгын таанып, карап чыгууну тараптардын катышуусунда жүргүзөт. Зарыл учурда карап чыгуу күбөлөрдүн, эксперттин жана адистин катышуусунда жүргүзүлүшү мүмкүн, бул жөнүндө сот токтом чыгарат.

2. Каралып чыга турган жерге келгенде төрагалык кылуучу судья соттук отурумду улантуу жөнүндө жарыялайт жана сот карап чыгууга киришет. Мында айыпталуучуга, жабырлануучуга, күбөлөргө, экспертке жана адиске карап чыгууга байланышкан суроолор берилиши мүмкүн.

3. Кароонун натыйжалары соттук отурумдун протоколунда чагылдырылат.

4. Мындай жерлер же жайлар башка райондордун аймагында жайгашкан учурда, видеоконференцбайланыштын техникалык каражаттары алар турган жерде райондук (шаардык) сот тарабынан соттук тапшырманы аткарууда колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [334-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-334)  
Кийинки берене: [336-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-336)
