# 334-берене. Тергөө аракеттеринин протоколдорун жана документтерди жарыя кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 334-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-334

---

1. Карап чыгууда, күбөлөндүрүүдө, алып коюуда, тинтүүдө, мүлккө камак салууда, кармоодо, таануу үчүн көрсөтүүдө, тергөө экспериментинде аныкталган жагдайлар менен фактыларды ырастоочу тергөө аракеттеринин протоколу, атайын тергөө аракеттеринин протоколдору, ошондой эле, эгерде иш үчүн мааниси бар жагдайлар баяндалса же күбөлөндүрүлсө, ишке тиркелген же соттук отурумда көрсөтүлгөн документтер толук же жарым-жартылай жарыя кылынууга жатат.

2. Соттук отурумда тараптар көрсөткөн же сот тарабынан суратылып алынган документтер судьянын токтомунун же соттун аныктамасынын негизинде иликтениши жана иштин материалдарына тиркелиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [333-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-333)  
Кийинки берене: [335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-335)
