# 333-берене. Буюм далилдерди карап чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 333-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-333

---

1. Сотко чейинки өндүрүштө ишке тиркелген, ошондой эле жаңыдан келтирилген буюм далилдери сот тарабынан каралып чыгууга жана тараптарга көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Буюм далилдерди карап чыгуу соттук териштирүүнүн кайсы болбосун учурунда, тараптардын өтүнүчү боюнча, ошондой эле төрагалык кылуучу судьянын демилгеси боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Буюм далилдер карап чыгуу үчүн күбөлөргө, экспертке жана адиске көрсөтүлүшү мүмкүн. Буюм далилдер көрсөтүлгөн адамдар карап чыгууга байланышкан жагдайларга соттун көңүлүн бура алат. Карап чыгуунун натыйжалары соттук отурумдун протоколунда чагылдырылат.

3. Буюм далилдерди карап чыгуу ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген эрежелерди сактоо менен алар турган жерде сот тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде мындай буюм далилдер башка аймактан табылса, анда райондук (шаардык) сот тарабынан мындай далилдер турган аймакта соттук тапшырманы аткаруу тартибинде видеоконференцбайланыштын техникалык каражаттары колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [332-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-332)  
Кийинки берене: [334-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-334)
