# 330-берене. Жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрүн угузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 330-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-330

---

1. Жабырлануучунун жана күбөнүн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө берген көрсөтмөлөрүн сотто жарыя кылууга, ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүнүн үн жазууларын, суракка алуунун видеожазмаларын угузуп-көрсөтүүгө, алардын сотко келүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу себептер боюнча жабырлануучу же күбө соттук отурумда жок кезде, эгерде алардын көрсөтмөлөрү ушул Кодекстин 26-главасына ылайык депонирленген болсо, тараптардын өтүнүчү боюнча жол берилет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эрежелер ошондой эле жабырлануучунун жана күбөнүн сотто мурда берген көрсөтмөлөрүн жарыя кылуу учурларына да жайылтылат.

3. Соттук отурумда ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык сот тарабынан суракка алынган жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрү жарыя кылынышы мүмкүн.

4. Жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн үн жазууларын угузуу, аларды суракка алуунун видеожазмаларын көрсөтүү тараптардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [329-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-329)  
Кийинки берене: [331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-331)
