# 323-берене. Ишке катышып жаткан жактардын кимдир бирөөсү келбей калганда ишти териштирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 323-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-323

---

1. Сот процессинин катышуучуларынын кайсы бири же буга тете эле күбө, эксперт же адис келбей калганда, сот ал болбогондо тараптардын териштирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө оюн угат жана соттук териштирүүнү улантуу же кийинкиге жылдыруу, ошондой эле келбей калган катышуучуну чакыруу же алдырып келүү жөнүндө токтомун же аныктамасын чыгарат.

2. Ишти териштирүүнү кийинкиге жылдыруу маселеси чечилгенге чейин сот келген күбөлөрдү, экспертти же адисти, жабырлануучуну жана анын өкүлүн сурай алат, андан кийин ишти териштирүүнү кийинкиге жылдыруу жөнүндө токтом чыгара алат. Эгерде иш мындан кийин да ушул эле сот тарабынан карала турган болсо, суралган адамдарды соттук отурумга кайра чакыруу зарыл учурларда гана жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [322-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-322)  
Кийинки берене: [324-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-324)
