# 322-берене. Өтүнүчтөрдү билдирүү жана чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-322.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 322-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-322

---

1. Төрагалык кылуучу судья тараптардан жаңы күбөлөрдү, эксперттерди жана адистерди чакыруу жөнүндө өтүнүчү бар же жок экендигин жана буюм далилдерди жана документтерди кошо тургандыгы жөнүндө сурайт. Өтүнүч билдирген адам кайсы жагдайларды белгилөө үчүн кошумча далилдер зарылдыгын көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Сот процессинин калган катышуучуларынын пикирин угуп, сот ар бир билдирилген өтүнүчтү карап чыгышы жана аны канааттандырышы керек же болбосо өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтом, аныктама чыгарууга тийиш.

3. Сот тарабынан өтүнүчү канааттандыруудан баш тартылган адам аны мындан аркы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кайра билдирүүгө укуктуу.

Эгерде мурда каралып чыккан маселе боюнча кайрадан берилген өтүнүчтө соттук териштирүүнүн создуктурулуп кетишинин белгилери бар болсо, анда сот мындай арызды соттук отурумдун протоколунда көрсөтүү менен кароосуз калтырууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [321-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-321)  
Кийинки берене: [323-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-323)
