# 316-берене. Айыпталуучунун инсандыгын тактоо жана ага айыптоо актысынын көчүрмөсүн өз убагында тапшыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 316-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-316

---

1. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучунун инсандыгын, анын фамилиясын, атын, атасынын атын, жашын, туулган жылын, айын, күнүн жана жерин, сот жүргүзүлүп жаткан тилди билерин, жашаган жерин, иштеген жерин, алектенген ишинин түрүн, билимин, үй-бүлөлүк абалын жана анын инсандыгына тийиштүү башка маалыматтарды тактайт.

2. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга айыптоо актысынын көчүрмөсү тапшырылгандыгын жана качан тапшырылгандыгын тактайт.

Айыптоо актысынын көчүрмөсү тапшырылбаган учурда, ишти териштирүү жылдырылат, ал эми прокурор айыптоо актысынын көчүрмөсүн айыпталуучуга токтоосуз тапшырууга чараларды көрөт. Бул учурда териштирүү иши аталган документ тапшырылган учурдан баштап 3 суткадан эрте башталбайт.

3. Кылмыш ишин ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте кароодо төрагалык кылуучу судья айыпталуучунун адвокатына айыптоо актысы тапшырылгандыгын жана качан тапшырылгандыгын тактайт. Мында кылмыш ишин соттук териштирүү адвокатка айыптоо актысынын көчүрмөсү тапшырылган күндөн баштап 3 суткадан эрте башталбайт.

---

Мурунку берене: [315-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-315)  
Кийинки берене: [317-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-317)
