# 310-берене. Аудио- жана видео жазма каражаттары менен соттук териштирүүнү жазып алуу (аудио-, видеопротокол)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 310-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-310

---

1. Аудио- жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук отурумдун жүрүшүн жазып алуу милдеттүү болуп саналат. Соттук отурумду аудио- жана видео жазуу каражаттары менен жазып алууну соттук отурумдун катчысы жүзөгө ашырат.

Айыпталуучунун (соттолгон адамдын), анын адвокатынын, жабырлануучунун жана мамлекеттик айыптоочунун макулдугу менен судья, сот төмөнкүдөй өзгөчө учурларда соттук отурумду аудио- жана видео жазмасыз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат:

- сот адилеттигинин кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана соттук отурумдун катышуучуларынын процессуалдык укуктарын коргоо максатында;

- техникалык бузулууларды четтетүү мүмкүн эмес болгондо;

- кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында.

Судья, сот тарабынан соттук отурумду аудио- жана видео жазуу жок өткөрүү чечими кабыл алынган учурларды кошпогондо, аудио жана видео жазуунун жоктугу соттун чечимин өзгөртүү, кайра кароо же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.

2. Соттук отурумдун катчысы тарабынан аудио- жана видео жазуу каражаттарын пайдалануу менен ишти териштирүүнү жазып алуу жазуу формасындагы кыскача протокол менен коштолот.

(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [309-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-309)  
Кийинки берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-311)
