# 31-берене. Соттун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 31-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-31

---

1. Сот төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) адамды күнөөсүз деп таанууга;

2) адамды кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанууга жана ага жаза дайындоого;

3) жосунду Кылмыш-жаза кодексинин ченемдери боюнча квалификациялоого жана сот өндүрүшү айыпталуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө вердикт чыгарган сот арачыларынын катышуусу менен жүзөгө ашырган учурларда айыпталуучуга жаза дайындоого;

4) адамга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын жана (же) мажбурлап дарылоону колдонууга;

5) адамга балдарга карата колдонулуучу тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга;

6) төмөн турган сот тарабынан кабыл алынган чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө;

7) кылмыш иштери боюнча айыпталуучуну жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө;

8) ушул Кодексте каралган башка чечимдерди кабыл алууга.

2. Сотко чейинки өндүрүштө адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына соттук контролду тергөө судьясы жүзөгө ашырат.

3. Сот ишти кайрадан баштоого жана жаңыдан же жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого укуктуу.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-32)
