# 305-берене. Соттук отурумдун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 305-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-305

---

1. Соттук отурумда соттун нормалдуу ишин жана процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу сот приставдарына жүктөлөт. Сот приставынын талаптары соттук отурумдун залында катышып жаткан жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.

2. Судьялар киргенде жана чыгып баратканда соттук отурумдун залындагы бардык катышуучулар ордунан турат.

3. Соттук териштирүүнүн бардык катышуучулары сотко ордунан туруп кайрылат, көрсөтмө берет жана билдирүү жасайт. Бул эрежеден чегинүүгө төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен жол берилиши мүмкүн.

4. Соттук териштирүүнүн катышуучулары, ошондой эле соттук отурумдун залында катышып жаткан башка жактар сотко «Урматтуу сот» деп кайрылат.

5. Соттук териштирүүнүн бардык катышуучулары, буга тете эле соттук отурумдун залында катышып жаткан бардык катышуучулар төрагалык кылуучу судьянын соттук отурумдун тартибин сактоо жөнүндө тескөөлөрүнө баш ийиши керек. Алкоголдук мас болуу же болбосо же баңги заттарды, уу заттарды колдонгон абалда турган адамдар соттук отурумдун залына киргизилбейт.

---

Мурунку берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-304)  
Кийинки берене: [306-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-306)
