# 304-берене. Соттук отурумда токтомдорду жана аныктамаларды чыгаруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049181)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=55742..56531>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 304-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-304

---

1. Соттук териштирүү учурунда сот тарабынан чечилүүчү маселелер боюнча судья токтомдорду, сот аныктамаларды чыгарат, алар соттук отурумда жарыя кылынууга жатат.

2. Ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурда соттук териштирүүдө ишти прокурорго кайтаруу, кылмыш ишин кыскартуу, айыпталуучуга карата бөгөт коюу жана кызмат ордунан убактылуу четтетүү чараларын колдонуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө, четтетүүлөр, соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама же токтом өзүнчө жайда чыгарылат жана судья же эгерде иш сот тарабынан коллегиялуу каралса, судьялар кол койгон өзүнчө процессуалдык документтер түрүндө жазылат.

3. Судьянын бардык башка токтомдору, соттун аныктамалары соттук отурумдун протоколуна киргизүү менен соттук отурумдун залында соттун кароосу боюнча чыгарылат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [303-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-303)  
Кийинки берене: [305-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-305)
