# 303-берене. Бөгөт коюу чараларын колдонуу мөөнөттөрү жана аларды узартуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 303-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-303

---

1. Сотко ишти кабыл алган учурдан баштап өкүмдү, аныктаманы, токтомду аткарууга киришкенге чейин судья, сот айыпталуучуга карата бөгөт коюу чараларын колдонууга, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга укуктуу.

2. Бөгөт коюу чарасы ушул Кодекстин 283-беренесинде каралган соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө колдонулат.

3. Эгерде соттук териштирүүнү өз убагында аяктоо мүмкүн болбосо жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга негиз жок болсо, үй камагына жана камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтү ар бир жолу 2 айга чейин, бирок бир жылдан ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

4. Камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн бир жылдан ашык узартууга жол берилбейт.

Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин камакта кармалып турган айыпталуучу камакта турган жердин администрациясы тарабынан прокурорго билдирүү менен токтоосуз бошотулууга тийиш.

5. Бир эле иш боюнча айыпталуучуну кайрадан камакка алуу, үй камагына алуу учурунда, ошондой эле буга кошулган же андан бөлүнгөн кылмыш иши боюнча камакка, үй камагына алуу мөөнөтү мурунку камакта, үй камагында отурган мезгилди эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

6. Эгерде иш боюнча өндүрүш токтотулган болсо, камакка алуу жана үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтү токтотулбайт.

---

Мурунку берене: [302-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-302)  
Кийинки берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-304)
