# 302-берене. Соттук отурумда ишти кыскартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049181)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=55742..56531>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-302>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-302.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 302-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-302

---

Эгерде соттук териштирүү учурунда ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3–14-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталса, ушул Кодекстин 27-беренесинин 4 жана 7-бөлүктөрүндө белгиленген жагдайлар болбогон шартта иш соттук отурумда кыскартылууга тийиш. Иш боюнча өндүрүш кыскартылганда судья бөгөт коюу чарасын жана башка кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын, анын ичинде кызмат ордунан убактылуу четтетүүнү, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну жана мүлктү конфискациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды жокко чыгарат жана буюмдук далилдер жөнүндө маселени чечет. Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө судьянын токтомунун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт, ошондой эле бир эле убакта кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жак жана жабырлануучу билдирилет. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [301-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-301)  
Кийинки берене: [303-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-303)
