# 301-берене. Соттук териштирүүнү кийинкиге калтыруу жана кылмыш ишин токтотуп туруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2025 года № 96 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026813)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=28721..31844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 301-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-301

---

1. Соттук отурумга чакырылган жактардын кимдир-бирөөсүнүн келбей калуусунун натыйжасында, тараптардын өтүнүчү боюнча жаңы далилдерди талап кылуунун зарылдыгына же аудио- жана видео жазуу каражаттары бузук болгондугуна байланыштуу ишти териштирүү мүмкүн болбогондо, судья өзүнүн токтому менен, сот өзүнүн аныктамасы менен ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат. Бир эле учурда тараптардын талап кылынган далилдерди берүүгө, сот приставдарын келбеген адамдардын келүүсүн камсыз кылуу чараларын көрүүгө, ал эми соттук отурумдун катчысын - аудио- жана видео жазуу каражаттарынын оң абалда болушун камсыз кылууга милдеттендирет.

2. Мажбурлап алып келүү колдонулгандан кийин айыпталуучу келбей калган учурда сот кылмыш иши боюнча өндүрүштү токтотуп турат, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонот, өзгөртөт жана токтомду айыпталуучунун келүүсүн камсыз кылуу жана (же) издөө иштерин уюштуруу үчүн прокурорго жиберет.

3. Айыпталуучу ооруп калган жана бул анын соттук отурумга келүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган учурда, сот бул айыпталуучуга карата ал сакайып кеткенге чейин өндүрүштү токтотуп турат жана калган айыпталуучуларга карата ишти териштирүүнү улантат. Эгерде ишти өз-өзүнчө териштирүү мүмкүн болбосо, иш бүтүндөй токтотуп турууга жатат.

4. Ишке бир нече айыпталуучу тартылган жана алардын бири качып кеткен учурда, сот бул айыпталуучуга карата материалдарды өзүнчө өндүрүшкө бөлөт жана калган айыпталуучуларга карата териштирүүнү улантат.

5. Ишке бир нече айыпталуучу катышып, алардын бири же бир нечеси келбей калган учурда, эгерде коюлган айыптар же алардын бөлүктөрү бири-бирине байланыштуу болбосо, сот калган айыпталуучуларга карата ишти кароону улантууга укуктуу.

6. Колдонууга тийиш болгон мыйзамдын конституциялуулугу жөнүндө маселе боюнча Конституциялык сотко суроо-талап менен кайрылганда, сот Конституциялык соттун чечими чыкканга чейин өндүрүштү токтотуп турат.

7. Экспертиза дайындоодо сот экспертизанын корутундусу сотко келип түшкөнгө чейин иш боюнча өндүрүштү токтотуп турат.

8. Соттук териштирүү кайра башталгандан кийин, сот ал кийинкиге калтырылган учурдан тартып угууну улантат.

9. Ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, тараптардын өтүнүчү боюнча соттук териштирүү айыпталуучу жок кезде да жүргүзүлөт. Айыпталуучу жок кезинде соттук териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө сот токтом же аныктама чыгарат.

(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [300-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-300)  
Кийинки берене: [302-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-302)
