# 300-берене. Соттук териштирүүнүн чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-300>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-300.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 300-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-300

---

1. Ишти сотто териштирүү айыпталуучуга карата гана жана ага коюлган айыптоо боюнча гана жүргүзүлөт.

2. Эгерде айыпталуучунун абалы начарлабаса жана анын коргонуу укугу бузулбаса, соттогу айыптоону өзгөртүүгө жол берилет.

3. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучунун кыйла оор кылмыш жасагандыгынын далили аныкталган, ошондой эле кылмыштын башка катышуучуларын жоопко тартуу зарылдыгы болгон учурда, эгерде аларга карата материалдарды өзүнчө кароого жана бөлүүгө мүмкүн болбогондо, прокурор ишти тергөө аракеттерин жүргүзүү жана жаңы айып коюу же айыптын квалификациясын өзгөртүү боюнча жаңы айыптоо актысын түзүү үчүн ишти прокурорго кайтаруу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө милдеттүү, ал эми жабырлануучулар жана процесстин башка катышуучулары укуктуу. Судья, сот расмий өтүнүчтү карап чыгып, өзүнүн токтому менен ишти прокурорго кайтарууга же болбосо өтүнүчтү четке кагууга жана соттук териштирүүнү улантууга укуктуу.

4. Ишти прокурорго жиберүүдө сот ар бир айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы жөнүндө маселени чечет.

5. Зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин тергөөчү жана прокурор ушул Кодексте каралган процессуалдык чечимдерди кабыл алышат, андан кийин иш белгиленген тартипте сотко жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [299-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-299)  
Кийинки берене: [301-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-301)
