# 30-берене. Судья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 30-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-30

---

1. Ишти өз компетенциясынын чегинде жеке кароочу, соттун отурумун даярдоо же өкүмдү же башка чечимди аткарууну камсыз кылуу боюнча тескөө аракеттерин жүзөгө ашыруучу, өтүнмөлөрдү жана даттанууларды чечүүчү судьяга соттун ыйгарым укуктары таандык.

2. Судьялар коллегиясынын курамында ишти кароочу судья каралып жаткан ишке байланыштуу келип чыккан бардык маселелерди чечүүдө төрагалык кылуучу жана башка судьялар менен тең укуктардан пайдаланат. Каралып жаткан маселелер боюнча башка судьялардын ой-пикири менен макул болбогон учурда судья өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-31)
