# 3-берене. Ушул Кодекстин убакытта колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 3-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-3

---

1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, процессуалдык иш-аракетти аткаруу, процессуалдык чечимди кабыл алуу учурунда колдонуудагы мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Процесстин катышуучуларына жаңы милдеттерди жүктөгөн, тикелей же кыйыр түрдө укуктарын жокко чыгарган же аларды азайткан, аларды пайдаланууну кошумча шарттар менен чектеген кылмыш-жаза процессуалдык мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

3. Далилдердин жол берилгендиги алар алынган учурдагы колдонулган мыйзамга ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-4)
