# 298-берене. Жабырлануучунун соттук териштирүүгө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 298-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-298

---

1. Кылмыш ишин соттук териштирүү жабырлануучунун, анын өкүлүнүн катышуусу менен өтөт.

2. Жабырлануучу келбегенде, сот жабырлануучу жок кезинде иштин бардык жагдайларын толук айкындоо жана анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнө жараша ишти териштирүү же аны кийинкиге жылдыруу маселесин чечет. Эгерде соттук отурумга жабырлануучунун өкүлү келсе, сот бул маселени өкүлдүн пикирин эске алуу менен чечет.

3. Жабырлануучунун өтүнүчү боюнча сот аны көрсөтмөлөрдү берүү үчүн белгилүү бир убакытта келүүсүн милдеттендирүү менен соттук отурумга катышуудан бошото алат.

---

Мурунку берене: [297-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-297)  
Кийинки берене: [299-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-299)
