# 297-берене. Адвокаттын соттук териштирүүгө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 297-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-297

---

1. Адвокат далилдерди көрсөтөт жана далилдерди иликтөөгө катышат, айыптоонун маңызы жана анын далилденгендиги, айыпталуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же актоочу жагдайлар, жаза чарасы, ошондой эле соттук териштирүүдө келип чыгуучу башка маселелер боюнча өзүнүн пикирин сотко билдирет.

2. Адвокат жүйөлүү себептерсиз бир эле иш боюнча 3 жолудан ашык келбей калган учурда, бардык соттук териштирүү жүрүп жатканда сот аны алмаштырууга жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу айыпталуучуну адвокат менен камсыз кылууга укуктуу.

3. Жаңыдан ишке киришип жаткан адвокатка соттук териштирүүгө катышууга даярдануу үчүн зарыл убакыт берилет. Адвокатты алмаштыруу ошол мезгилде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жасалган бардык аракеттердин кайталанышына алып келбейт. Адвокаттын өтүнүчү боюнча сот күбөлөргө, жабырлануучуларга, эксперттерге кайталап сурак жүргүзө алат же болбосо башка соттук аракеттерди жүргүзө алат.

---

Мурунку берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-296)  
Кийинки берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-298)
