# 296-берене. Айыпталуучунун соттук териштирүүгө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 296-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-296

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, биринчи инстанциядагы сотто ишти териштирүү ага келүүгө милдеттүү болгон айыпталуучунун катышуусу менен жүргүзүлөт.

2. Айыпталуучу жок кезде ишти териштирүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилет, эгерде:

1) айыпталуучу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо жана сотко келүүдөн качса;

2) айыпталуучу далилдерди соттук иликтөөлөр аяктагандан кийин соттук отурумга келбесе жана келбей калуу себеби жөнүндө кабарлабаса.

3. Айыпталуучу келбей калганда иш боюнча териштирүү кийинкиге калтырылууга тийиш. Мындай учурда судья же сот айыпталуучунун келүүсүн камсыз кылууну соттук приставга милдеттендирет. Судья же сот ошондой эле жүйөсүз себептер боюнча келбеген айыпталуучуну алдырып келүүгө укуктуу.

Камакта жаткан айыпталуучуну ал сотко келүүдөн жана соттук отурумга жүйөлүү себептерсиз катышуудан баш тарткан учурда аны сотко жеткирүү соттун тиешелүү токтомунун негизинде мажбурлап коштоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык өткөрүлгөн соттук териштирүүгө адвокаттын катышуусу милдеттүү.

5. Сотто айыпталуучунун сотко чейинки өндүрүштө берген көрсөтмөлөрүн, маалыматтарын угузуу, ошондой эле суракка алуу протоколуна тиркелген анын көрсөтмөлөрүнүн үн жазып алууларын, видео жазып алууларын угузуп-көрсөтүү айыпталуучу жок кезде ишти кароо учурунда тараптардын өтүнүчү боюнча орун алышы мүмкүн.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилген учурда, соттолгондун же анын адвокатынын өтүнүчү боюнча сырттан чыгарылган соттун өкүмү же соттун аныктамасы апелляциялык тартипте жокко чыгарылат. Мындай учурда соттук териштирүү жалпы тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-295)  
Кийинки берене: [297-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-297)
