# 294-берене. Соттук отурумдун катчысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2025 года № 96 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026813)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=28721..31844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 294-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-294

---

1. Соттук отурумдун катчысы соттук отурумдун протоколун жүргүзөт. Ал соттун аракеттерин жана чечимдерин, ага тете процесстин катышуучуларынын соттук отурумдун жүрүшүндө болгон аракеттерин толук жана туура чагылдырууга тийиш.

2. Катчы соттук отурум башталганга чейин аудио- жана видео жазуу каражаттарынын техникалык жактан бузук эместигин, соттук отурумга катышууга тийиш болгон адамдардын келүүсүн текшерет, бул жөнүндө төрагалык кылуучу судьяга маалымдайт жана тапшыруу боюнча ушул Кодексте каралган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

3. Аудио- жана видео жазуу каражаттарын пайдалануу мүмкүн эмес болгон учурда, анын себептерин көрсөтүү менен акт түзүлүп, иштин материалдарына тиркелет.

(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [293-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-293)  
Кийинки берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-295)
