# 292-берене. Соттук отурумга төрагалык кылуучу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-292>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-292.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 292-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-292

---

1. Төрагалык кылуучу судья соттук отурумду жетектейт, тараптардын тең укуктуулугун жана атаандаштыгын камсыз кылуу үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрөт.

2. Төрагалык кылуучу судья соттук отурумдун күн тартибин сактоону камсыз кылат, соттук териштирүүнүн бардык катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин, аларды жүзөгө ашыруунун тартибин түшүндүрөт.

3. Төрагалык кылуучу судьянын соттук отурумда процессти уюштуруу тиешелүү тартипти кармоо боюнча тескөөлөрү процесстин бардык катышуучулары жана соттук отурумдун залындагы жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

4. Соттук териштирүүгө катышкан жактардын биринин төрагалык кылуучу судьянын аракеттерине каршы пикири болгондо, бул каршы пикир соттук отурумдун протоколуна киргизилет.

---

Мурунку берене: [291-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-291)  
Кийинки берене: [293-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-293)
