# 2901-берене. Соттук отурумду трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-2901>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 2901-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-2901

---

1. Сот ишке катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча соттук отурумду телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде трансляциялоого (онлайн трансляциялоого) уруксат берүүгө укуктуу.

2. Соттук отурумду трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) жол берүү жөнүндө чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, айкындуулукту сактоону жана сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сот тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [290-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-290)  
Кийинки берене: [291-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-291)
