# 290-берене. Соттук териштирүүгө аралыктан катышуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2025 года № 96 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026813)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=28721..31844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 290-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-290

---

1. Сот ишке катышкан жактардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен жабырлануучуну, күбөнү, экспертти, адисти соттук отурумда видеоконференцбайланыш режиминде суракка алууга (аралыктан суракка алууга) укуктуу, ал жөнүндө жүйөлөнгөн токтом (аныктама) чыгарат.

Видеоконференцбайланыш режиминде аралыктан суракка алуу жөнүндө соттун токтому (аныктамасы) жабырлануучунун, күбөнүн, эксперттин, адистин турган жери боюнча сотко аткаруу үчүн жөнөтүлөт.

2. Жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторунда кармалган айыпталуучунун (соттолгондун) соттук териштирүүдө катышуусу видеоконференцбайланыш режиминде жүргүзүлөт.

Айыпталуучунун (соттолгон адамдын), анын адвокатынын же мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү боюнча жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторунда кармалган айыпталуучунун (соттолгон адамдын) катышуусу соттук отурум өтүүчү жерде камсыз кылынат.

(КР 2024-жылдын 16-февралындагы № 49, 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-289)  
Кийинки берене: [2901-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-2901)
