# 289-берене. Соттук териштирүүнүн тикелейлиги жана оозекилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-289.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 289-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-289

---

1. Ишти соттук териштирүүдө бардык далилдер тикелей иликтенүүгө жатат. Сот айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттин корутундусун угат, буюмдук далилдерди карап чыгат, протоколдорду жана башка документтерди жарыя кылат, далилдерди иликтөө боюнча башка соттук аракеттерди жүргүзөт.

2. Соттун өкүмү соттук отурумда иликтөөгө алынган же болбосо далилдерди депонирлөөнүн натыжасында алынган далилдерге гана негизделиши мүмкүн.

3. Соттук териштирүүнүн катышуучулары видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу жолу менен сот тарабынан суракка алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [288-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-288)  
Кийинки берене: [290-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-290)
