# 288-берене. Алдын ала угууда судья тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 288-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-288

---

1. Алдын ала угуунун натыйжалары боюнча судья төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө;

2) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;

3) соттук отурумду дайындоо жөнүндө;

4) алдын ала угуунун жүрүшүндө бул үчүн негиздер белгиленген учурда сотко караштуулугу боюнча кылмыш ишин жөнөтүү жөнүндө.

2. Судьянын чечими жүйөлөнгөн токтом түрүндө чыгарылат. Далилдерди алып салуу жөнүндө, бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө, судьяны четтетүү жөнүндө билдирилген өтүнүчтөр боюнча судья жүйөлөнгөн токтом чыгарат.

3. Ишти сотко караштуулугу боюнча жөнөтүү, иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу же аны кыскартуу (толук же жарым-жартылай), далилдерди алып салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө судьянын токтому 3 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Алдын ала угуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган башка чечимдер даттанууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [287-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-287)  
Кийинки берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-289)
