# 287-берене. Алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү кыскартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049181)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=55742..56531>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 287-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-287

---

1. Ушул Кодекстин 27-беренесинин 4 жана 7-бөлүктөрүндө белгиленген жагдайлар болбогон шартта ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 10-13-пункттарынын негизинде алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө судья токтом чыгарат.

Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө чечимди кабыл алып, судья бөгөт коюу чарасын жана башка кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын, анын ичинде кызмат ордунан убактылуу четтетүүнү, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну жана мүлктү конфискациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды жокко чыгарат жана буюмдук далилдер жөнүндө маселени чечет. Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө судьянын токтомунун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан жакка жана жабырлануучуга тапшырылат.

2. Алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө маселе прокурордун, жабырлануучунун, аны айыптоочу мыйзамдуу өкүлүнүн, адвокаттын катышуусу менен соттук отурумда судья тарабынан чечилет. Ишке катышкан жактардын кимдир биринин келбей калуусу соттук отурумду өткөрүүгө тоскоолдук кылбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [286-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-286)  
Кийинки берене: [288-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-288)
