# 282-берене. Соттук отурумга чакыруулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.10.2026 [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090); 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=56829..59873>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-282.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 282-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-282

---

1. Судья соттук процесстин катышуучулары болуп саналган адамдарды соттук отурумга чакыртуу жөнүндө тескемени айыптоо жана жактоо тараптарына берет, ошондой эле соттук отурумду даярдоо боюнча башка чараларды көрөт.

2. Адамдардын келүүсүн айыптоо жана жактоо тараптары камсыз кылат. Бул адамдар жүйөлүү себептерсиз келбеген учурда, алып келүүнү сот приставдары жүзөгө ашырат.

3. Ишке катышып жаткан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу кабарлоону жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо кол койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарламасы бар тапшырык кат аркылуу жиберилүүчү соттун чакыруу кагазы менен жүргүзүлөт. Мында берилген тексттин сотто кала турган жана ишке тиркеле турган көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, кабарлоону жүзөгө ашыруунун ыкмасы, аны берген датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [281-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-281)  
Кийинки берене: [283-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-283)
