# 280-берене. Соттук отурумду дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.10.2026 [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090); 19.05.2025 [Закон КР от 19 мая 2025 года № 96 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026813)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=56829..59873>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 280-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-280

---

1. Соттук отурумду дайындоо мүмкүндүгү жөнүндө маселени чечүүдө судья айыпталуучулардын ар бирине карата төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш:

1) иш ушул соттун караштуулугундабы;

2) айыптоо актысынын көчүрмөсү өз убагында тапшырылганбы;

3) кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтурууну жана мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоону камсыз кылуучу чаралар көрүлгөнбү;

4) алдын ала угууну өткөрүүгө негиздер барбы.

2. Ушул Кодекстин 277-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер болбогондо, сот соттук отурумду дайындоо жөнүндө токтом чыгарат.

Соттук отурумду дайындоо жөнүндө токтомдо судья ар бир айыпталуучуга карата камакка алуу жана үй камагына караганда колдонулган жумшак бөгөт коюу чараларын соттук териштирүү аяктаганга жана иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин узартат.

3. Токтомдо ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маселелерден тышкары төмөнкү маселелер чечилет:

1) соттук териштирүүнүн орду, датасы жана убактысы жөнүндө;

2) ишке милдеттүү түрдө катыша турган учурларда адвокатты дайындоо жөнүндө;

3) тараптар берген тизмелер боюнча адамдарды соттук отурумга чакыруу жөнүндө;

4) Ушул Кодекстин 291-беренесинде каралган учурларда жабык соттук отурумда ишти кароо жөнүндө.

5) жалпыга маалымдоо каражаттарында же Интернет тармагында онлайн форматта берүү жөнүндө.

4. Кылмыш-жаза кодексинин 82 жана 109-беренелеринде каралган учурларда, судья, кылмыш иши боюнча сот балдар, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө пробация органына милдеттүү түрдө пробациялык баяндама даярдоону тапшырат. Айыпталуучулардын калган бөлүгүнө карата судья өз каалоосу боюнча пробация органына пробациялык баяндаманын протоколун даярдоону тапшыра алат.

Соттук отурумду дайындоодо судья пробация органына пробациялык баяндама даярдоону тапшырууга укуктуу, бул туурасында соттук отурумду дайындоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө судьянын пробациялык баяндаманы даярдоо тапшырмасы жөнүндө сот тарабынан токтом чыгарылат, анын көчүрмөсү пробация органына жөнөтүлөт.

5. Токтомдо ошондой эле ар бир айыпталуучунун фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү менен соттук отурумду дайындоо жөнүндө чечим жана ага коюлган күнөө боюнча кылмыштын квалификациясы камтылууга тийиш.

6. Тараптар соттук отурумдун орду, датасы жана убактысы жөнүндө ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча ал башталганга чейин 5 суткадан кем эмес убакытта кабардар кылынууга тийиш.

(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 96, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [279-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-279)  
Кийинки берене: [281-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-281)
