# 279-берене. Алдын ала угууну өткөрүүнүн негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=56829..59873>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 279-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-279

---

1. Алдын ала угуу төмөнкүлөр боюнча өткөрүлөт:

1) өзгөчө оор кылмыштар боюнча;

2) жол берилбей турган далилдерди алып салуу жөнүндө тараптардын өтүнүчү болсо;

3) ишти токтотуп туруу же кыскартуу үчүн негиздер болсо;

4) ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте соттук териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө тараптардын өтүнүчү болсо;

5) кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен сотто кароо жөнүндө маселени чечүү үчүн;

6) бөгөт коюу чарасын өзгөртүү, судьяларды четтетүү, ишти токтотуп туруу же кыскартуу жөнүндө билдирилген өтүнүчтөр тууралуу маселени чечүү үчүн.

2. Алдын ала угууну өткөрүү жөнүндө өтүнүчтү тарап иш сотко келип түшкөн күндөн тартып 3 сутканын ичинде билдириши мүмкүн.

3. Тараптарды соттук отурумга чакыруу жөнүндө кабарлама ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча алдын ала угуу өткөрүлүүчү күнгө чейин 3 суткадан кем эмес убакытта жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Алдын ала угуу иш сотко келип түшкөн күндөн тартып 10 суткадан кечиктирилбестен, өзгөчө учурларда 15 суткадан кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.

5. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актысынын жокко чыгарылган жана ишти сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн прокурорго же жаңы соттук териштирүү жүргүзүү үчүн сотко өткөрүп берген учурларды кошпогондо, алдын ала угуу кайталап өткөрүлбөйт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [278-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-278)  
Кийинки берене: [280-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-280)
