# 278-берене. Ишти прокурорго кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 278-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-278

---

1. Судья төмөнкү учурларда соттук отурумду дайындоо үчүн тоскоолдуктарды четтетүү максатында ишти прокурорго кайтарып берет, эгерде:

1) айыптоо актысы ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен түзүлсө;

2) айыпталуучунун инсандыгы белгиленбесе;

3) айыптоо актысынын көчүрмөсү айыпталуучуга тапшырылбаса;

4) сотко чейинки өндүрүш органдары тарабынан ушул Кодекстин 256-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 261-беренесинин 7-пунктунда каралган материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну жана мүлктү мүмкүн болгон конфискациялоону камсыз кылуу боюнча чаралар кабыл алынбаса.

2. Судья ишти прокурорго кайтарып берүүдө токтом чыгарат, анын көчүрмөсү тараптарга жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [277-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-277)  
Кийинки берене: [279-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-279)
