# 275-берене. Кылмыш ишинин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 275-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-275

---

1. Иштин сотко аймактык караштуулугу төмөнкү учурларда өзгөртүлүшү мүмкүн:

1) тараптын өтүнүчү боюнча – тийиштүү соттун бүткүл курамын четтетүү жөнүндө анын билдирүүсү ушул Кодекстин 66-беренесине ылайык канааттандырылган учурда;

2) тараптын өтүнүчү боюнча же болбосо кылмыш иши келип түшкөн соттун төрагасынын демилгеси боюнча төмөнкү учурларда:

а) эгерде бул соттун бардык судьялары мурда каралып жаткан кылмыш иши боюнча өндүрүшкө катышса, бул ушул Кодекстин 64-беренесине ылайык аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналат;

б) эгерде бул иш боюнча сот өндүрүшүнүн бардык катышуучулары бул соттун юрисдикциясы таралган аймакта жашабаса жана бардык айыпталуучулар бул иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүүгө макул болушса.

2. Иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүүгө соттук териштирүү башталганга чейин гана жол берилет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүү жөнүндө маселе жогору турган соттун төрагасы, ал эми ал болбогондо анын орун басары тарабынан чечилет, бул жөнүндө токтом чыгарылат.

4. Жогору турган сот төмөн турган соттун чечимин жокко чыгарып, ишти ушул Кодекстин 62-64-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо башка соттун жаңы кароосуна жөнөтүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [274-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-274)  
Кийинки берене: [276-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-276)
