# 274-берене. Кылмыш ишин сотко караштуулугу боюнча өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 274-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-274

---

1. Судья соттук отурумду дайындоо жөнүндө маселени чечип жана келип түшкөн иш бул сотко караштуу эместигин аныктап, аны өзүнүн токтому менен сотко караштуулугу боюнча жөнөтөт.

2. Сот анын өндүрүшүндө турган ишти башка сотко караштуу деп белгилеп, айыпталуучунун макулдугу менен аталган ишти, эгерде аны соттук отурумда кароого киришкен болсо, өз өндүрүшүндө калтырууга укуктуу.

3. Айыпталуучудан кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүч соттук отурумду дайындоого чейин келип түшкөн учурда судья кылмыш ишин сотко караштуулугу боюнча тиешелүү сотко жөнөтөт.

---

Мурунку берене: [273-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-273)  
Кийинки берене: [275-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-275)
