# 273-берене. Кылмыш иштеринин сотко аймактык караштуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 273-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-273

---

1. Ушул Кодекстин 275-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, кылмыш иши кылмыш жасалган жер боюнча сотто каралууга жатат.

2. Эгерде кылмыш бир соттун иштөөчү жеринде башталып, башка соттун иштөөчү жеринде аяктаса, иш сотко чейинки өндүрүш бүткөн жер боюнча сотко караштуу.

3. Эгерде кылмыш жасалган жерди аныктоо мүмкүн эмес болсо же эгерде кылмыш ар кайсы жерлерде жасалса, иш сотко чейинки өндүрүш бүткөн жер боюнча сотто каралат.

---

Мурунку берене: [272-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-272)  
Кийинки берене: [274-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-274)
