# 272-берене. Кылмыш иштеринин сотко караштуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 272-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-272

---

1. Райондук (шаардык) сотко ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштерден тышкары бардык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери караштуу.

2. Бишкек шаардык соту жана областтык соттор Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө, 402, 403, 405, 406-беренелеринде, 410-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө иштерди сот арачыларынын катышуусу менен биринчи инстанциядагы сот катары карайт.

3. Эгерде кылмыштардын бири эле областтык сотторго, Бишкек шаардык сотуна караштуу болсо, анда бир нече кылмыштарды жасоого бир адамды же адамдардын тобун айыптоодо бардык кылмыштар жөнүндөгү иш областтык сот, Бишкек шаардык соту тарабынан каралат.

4. Сот арачыларынын катышуусу менен ишти кароодон айыпталуучу баш тартканда, кылмыш иши райондук (шаардык) соттун кароосуна өткөрүп берилет.

---

Мурунку берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-271)  
Кийинки берене: [273-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-273)
