# 271-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн кызмат адамдарынын аракеттерине, чечимдерине даттанууларды кароо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 271-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-271

---

1. Кылмыш ишин козгоо, айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтомдорду, прокурор тарабынан айыптоо актысын бекитүүнү кошпогондо, сотко чейинки өндүрүштүн кызмат адамдарынын аракеттерине, чечимдерине даттануулар прокурордун, аракеттери даттанылып жаткан кызмат адамынын, арыз ээсинин катышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат. Соттук отурумдун башталышында тергөө судьясы кандай даттануу каралууга жата тургандыгын кулактандырат, арыз ээсинин укугун жана милдеттерин түшүндүрөт. Эгерде арыз ээси соттук отурумга катышса, ал даттанууну негиздейт, андан кийин соттук отурумга келген башка адамдар угулат. Тиешелүү түрдө кабарландырылган арыз ээсинин жана кызмат адамынын келбей калышы даттанууну кароо үчүн жолтоо болбойт.

2. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча тергөө судьясы төмөнкү токтомдордун бирин чыгарат:

1) тиешелүү кызмат адамынын аракеттерин (аракетсиздигин) же чечимин мыйзамсыз же негизсиз деп таануу жана анын жол берилген бузууларды четтетүү милдеттери жөнүндө;

2) даттанууну канааттандырбай калтыруу жөнүндө.

3. Эгерде даттануу берүүгө укуксуз адам тарабынан даттануу берилсе; даттануу ошол сотто каралууга жатпаса; даттануу бул сотто каралууга жатпаса; даттануу ушул Кодексте каралган даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин берилсе жана аны берген адам ал мөөнөттү кайра баштоо жөнүндө маселени козгобосо же тергөө судьясы адамдын арызы боюнча аны калыбына келтирүү үчүн негиздерди таппаса; даттануу мурда ошого окшош негиздер же жүйөлөр боюнча каралган учурларда даттануу каралышы мүмкүн эмес жана ал кайтарылып берилүүгө жатат.

4. Тергөө судьясынын токтомунун көчүрмөсү арыз ээсине, прокурорго, ошондой эле аракети даттанылган кызмат адамына тапшырылат.

5. Эгерде муну тергөөчү, прокурор же тергөө судьясы керектүү деп таппаса, даттанууну берүү даттанылган аракеттин өндүрүшүн жана даттанылуучу чечимдин аткарылышын токтотпойт.

6. Даттануу боюнча тергөө судьясынын токтому ал чыгарылган күндөн тартып 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

7. Кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүштө кыскартуу жөнүндө даттануу боюнча тергөө судьясынын токтому кассациялык тартипте апелляциялык чечим чыккан учурдан тартып 10 сутканын ичинде даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [270-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-270)  
Кийинки берене: [272-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-272)
