# 270-берене. Жүргүзүлгөн тергөө же болбосо атайын тергөө аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 270-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-270

---

1. Тергөө судьясынын токтомун албай туруп тергөө же атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн учурда, тергөөчү тергөө аракеттери жүргүзүлгөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү башталганда, аларды өткөрүү жөнүндө тергөө судьясын кабарландырат. Кабарламага жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин же болбосо башталган атайын тергөө аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн таануу жөнүндө өтүнүч тиркелет.

2. Эгерде тергөө судьясы жүргүзүлгөн тергөө аракеттерин же башталган атайын тергөө аракеттерин мыйзамсыз деп тааныган учурда, андай аракеттердин жүрүшүндө алынган бардык далилдер ушул Кодекстин 80-беренесине ылайык жол берилгис деп таанылат. Мындай учурда тергөө судьясы жеке аныктама чыгарат, анда иш боюнча чараларды көрүүнү талап кылган мыйзам бузуулардын белгиленген фактыларына прокурордун көңүлүн бурат. Тергөө судьясынын жеке аныктамасы боюнча бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен чаралар көрүлүүгө жана ага анын натыйжалары жөнүндө билдирилүүгө тийиш.

3. Тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө тергөө судьясынын токтому даттанууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-269)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-271)
