# 267-берене. Кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 267-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-267

---

1. Кызмат ордунан убактылуу четтетүү айыпталуучунун, прокурордун, тергөөчүнүн, адвокаттын соттук отурумда катышуусу менен прокурордун, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш.

2. Соттук отурумдун убактысы жана жери жөнүндө өз мезгилинде кабардар болгон тараптардын келбей калуусу өтүнүчтү кароо үчүн жолтоо болуп саналбайт.

3. Айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнүчтү кароонун натыйжалары боюнча тергөө судьясы өтүнүчтү канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.

4. Айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому тергөөчү тарабынан анын иштеген жери боюнча уюмдун жетекчисине жөнөтүлөт, ал токтомду алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө аткарат бул жөнүндө тергөөчүгө кабарлайт.

5. Айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү, мындай чараны көрүү зарылдыгы болбой калганда, прокурордун, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясынын, ал эми соттук териштирүүдө судьянын, соттун токтому менен жокко чыгарылат.

6. Айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому даттанылууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [266-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-266)  
Кийинки берене: [268-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-268)
