# 265-берене. Шектүүнү кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 265-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-265

---

1. Шектүүнү кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү прокурордун, тергөөчүнүн, адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдүн катышуусу менен шектүү кармалган жер боюнча ачык соттук отурумда материалдар сотко келип түшкөн учурдан тартып 2 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Айыпталуучудан, анын адвокатынан, прокурордон тышкары, соттук отурумдун убактысы жана орун алган жери жөнүндө өз мезгилинде кабарландырылган тараптардын келбей коюусу иштин материалдарын кароо үчүн жолтоо болуп саналбайт. Адвокат келбей калган учурда айыпталуучу аны башкасы менен алмаштырууга укуктуу.

2. Соттук отурумдун башталышында тергөө судьясы кылмыш жасоого шектелгендиги боюнча кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү кайсы адамга карата текшерилип жаткандыгын кулактандырат, соттук отурумга келген адамдардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин тергөөчү кылмыш жасоого шектенүү боюнча адамды кармагандыгы жөнүндө чечимди негиздейт, андан кийин соттук отурумга келишкен башка адамдар угулат.

3. Соттук отурумда тергөө судьясы кылмыш жасоого шектенүү боюнча адамды кармоонун мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы, негиздүүлүгү же негизсиздиги жөнүндө токтом чыгарат.

4. Кылмыш жасоого шектенүү боюнча адамды кармоонун мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы, негиздүүлүгү же негизсиздиги жөнүндө тергөө судьясынын токтому чыккан күндөн тартып 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

5. Шектүүнү мыйзамсыз жана (же) негизсиз деп кармалгандыгы таанылган учурда тергөө судьясы жеке аныктама чыгарат, анда чараларды көрүүнү талап кылган иш боюнча белгиленген мыйзам бузуу фактыларына прокурордун көңүлүн бурат. Тергөө судьясынын жекече аныктамасы боюнча бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен чаралар көрүлүүгө жана анын натыйжалары жөнүндө ага билдирилүүгө тийиш.

6. Кармоонун мыйзамсыздыгы жана негизсиздиги жөнүндө тергөө судьясынын токтому ушул Кодекстин 17-главасында каралган тартипте зыяндын ордун толтуруу үчүн негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-264)  
Кийинки берене: [266-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-266)
